Жогорку Кеңештеги «Республика - Ата Журт» фракциясы парламенттеги бардык фракцияларды спикерлик кызматка бир талапкер көрсөтүүгө чакырууда. Бул тууралуу аталган фракция бүгүн тараткан билдирүүдө айтылат.
"Бардык фракцияларды бирдиктүү талапкерди алып чыгууга чакырабыз. КСДП Жогорку Кеңештеги эң көп орунга ээ болгондуктан, эгер коалициянын жана КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков көрсөтүлсө анын талапкерлигин колдойбуз” деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин социал-демократ депутат Рыскелди Момбеков алардын фракциясы төрагалыкка Чыныбай Турсунбеков, Иса Өмүркулов же Кожобек Рыспаевди алып чыгышы мүмкүн экенин “Азаттыкка” айткан. (RK)