Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Бишкекте жаш түркологдордун симпозиуму өтүүдө


Бул күндөрү Бишкекте жаш түркологдордун симпозиуму өтүп жатат. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде 2007-жылдан бери салттуу түрдө өткөрүлүп, бул окуу жайдын миссиясын ишке ашырып келе жаткан симпозиум быйыл жетинчи жолу уюштурулууда.

Иш-чара орток түрк адабиятына, маданиятына жана цивилизациясына зор салымын кошкон ойчул акын Баласагундук Юсуф Хас Хажибдин 1000 жылдыгына арналды.

Симпозиумга республиканын аймактарынан 29, чет өлкөлөрдөн 23, бардыгы болуп 52 изилдөөчү катышып, өз баяндамаларын окуп, бири-бири менен илимий пикир алышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууда.

Эртең, 23-апрелде катышуучуларга жана конокторго тарыхый жерлерди кыдыртуу менен симпозиум өз ишин жыйынтыктайт. (RK)

XS
SM
MD
LG