Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:31

Насирдин Байтемировдун 100 жылдыгы белгиленүүдө


Улуттук китепкананын Сауд Араб таануу жана маданият борборунда бүгүн Кыргыз эл жазуучусу Насирдин Байтемировдун 100 жылдыгына арналган эскерүү кечеси жан китеп-сүрөт көргөзмөсү өтүүдө.

Көргөзмө “Кыргыз поэзиясынын зергери” жана “Чыгаан прозаик жана драматург” деген эки бөлүктөн турат.

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, акын, прозаик, драматург, котормочу, публицист Байтемиров Чүй районунун Кегети айылында туулган.

Анын алгачкы романы “Жаш жүрөктөрдүн” биринчи китеби “Салтанат” болгон. Чыгарманын экинчи бөлүгү “Жаш жүрөктөр” деген ат менен жарык көргөн.

Акындын “Акыркы ок”, “Жылдызкан”, “Тарых эстелиги”, “Сонундар дүйнөсү”, “Санта”, “Турмуш элеги”, “Махабат дастаны” жана башка көптөгөн чыгармалары бүгүнкү күндө миң сандаган окурмандардын жалпы кенчине айланып, сүймөнчүктүү китептерден болуп калды.

Ал балдар адабиятында да үзүрлүү эмгектенип, кыргыз драматургиясына бир топ эмгек сиңирген. “Отко таазим кылуу” кинофильминин сценарийин, “Талкаланган айнек”, “Жаш жүрөктөр”, “Аста, секин колукту” операсынын либреттосун, “Күйөө”, “Айып кимде”, “Уркуя” деген драмаларды жазган.

Байтемировдун чыгармалары орус, украин, казак жана башка чет тилдерге которулган. (RK)

XS
SM
MD
LG