Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:38

23-апрелдин аба ырайы


23-апрелде Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, калган облустардын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондордо кар түшөт. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 3...8, күндүз 16...21,

Таласта түнкүсүн 2...7, күндүз 15...21,

Баткенде түнкүсүн 2...7, күндүз 16...21,

Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 4...9, күндүз 16...21,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 3...8, күндүз 13...18,

Нарында түнкүсүн 1...6, күндүз 11...16,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4...-9, күндүз -1...+4.

Бишкекте жаан-чачын ыктымалдыгы аз. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8, күндүз 18...20.

XS
SM
MD
LG