Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:56

Обама британиялыктарды Евробиримдикте калууга үндөдү


Барак Обама Лондонго келген учур. 21-апрель, 2016-жыл.
Барак Обама Лондонго келген учур. 21-апрель, 2016-жыл.

Мындай үндөө АКШ президентинин Daily Telegraph гезитинде жарыяланган макаласында айтылат. Обаманын пикиринде, Британия терроризм, миграция, экономикалык төмөндөө өңдүү татаал маселелерди чечүүдө ири блоктун ичинде турса гана ийгиликтүү боло алат.

"Кошмо Штаттар силердин кубаттуу добушуңар Европанын дүйнөдөгү туруму бекем, Евробиримдик ачык жана Атлантиканын тигил тарабындагы өнөктөштөрү менен тыгыз байланышта болушунун кепили экенин көрүп турат”,- деп жазат Обама өз макаласында.

Лондонго кечээ кечинде иш сапары менен келген президент Обама менен 90 жылдык мааракесин белгилеп жаткан каныша Елизабет бүгүн түшкү тамакта жолугат жана андан кийин премьер Девид Кэмерон менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Ал эми британиялыктар Евробиримдикте калууну же чыгууну 23-июнда өтө турган референдумда чечет. (UE)

XS
SM
MD
LG