Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:05

ЕБ македон жетекчилигине санкция киргизүүнү караштырууда


Демонстранттар өкмөт имараты алдына сыр төгүүдө. Скопье, 21-апрель, 2016-жыл.
Демонстранттар өкмөт имараты алдына сыр төгүүдө. Скопье, 21-апрель, 2016-жыл.

Бул тууралуу Евробиримдиктин расмий өкүлдөрүнө шилтеме жасоо менен айрым Батыш маалымат каражаттары кабарлоодо.

Санкциялар Македониянын лидерлери башкаруу чөйрөсүндөгү коррупцияны иликтөө боюнча былтыркы макулдашууну бузганы үчүн киргизилет.

Эң биринчи Македониянын башкаруучу партиясынын лидерлерине каршы колдонулуучу чаралар виза бербөө жана активдерин камакка алуу болушу мүмкүн.

Былтыр Евробиримдик ортомчулук кылган макулдашууга ылайык македон өкмөтү шайлоону бурмалоо жана адам өлүмүнө байланыштуу жашырылган кылмыштарды иликтөө үчүн атайын прокурор дайындоого макул болгон эле.

Бул нерселер телефон сүйлөшүүлөрдүн Македониянын башкы оппозициялык партиясы жарыялаган аудиотасмаларынан улам билинген.

Оппозициянын ырастоосунда, 20 миңден ашуун адамдын телефон сүйлөшүүлөрүн жашыруун түрдө өкмөт жазып алган.

Бул жаңжал боюнча иликтөөнү аягына чыгаргандын ордуна македон президенти Георги Ивановдун ага тиешеси бар 56 расмий өкүлгө жакында мунапыс бериши Македонияда нааразылык толкунун жаратты.

Президенттин жана өкмөттүн отставкасын талап кылган нааразылык акциялар азыр да уланып жатат. (UE)

XS
SM
MD
LG