Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:18

Түркиядан Грецияга мигранттар агымы кайра өсө баштады


Греция-Македония чек арасындагы мигранттар. 13-апрель, 2016-жыл.
Греция-Македония чек арасындагы мигранттар. 13-апрель, 2016-жыл.

Бул тууралуу бүгүн Женевадан Эл аралык миграция уюму жарыялады:

- Грецияга келүүлөрдүн саны бул айдын айрым күндөрү дээрлик нөлгө түшүп калган эле, азыр кайра өсө баштады. Акыркы үч күндөн бери 150дөн киши келип жатат. Бул мурдагы айлар менен салыштырганда эч нерсе эмес, бирок соңку айдын көп күндөрү менен салыштырганда миграциялык маршурут кайра жандана баштагандай, - деди Эл аралык Миграция уюмунун өкүлү Жо Миллман Женевадагы басма сөз жыйында.

Эл аралык Миграция уюмунун эсебинде быйыл Евробиримдиктин аймагына 180,245 мигрант кире алды, алардын 154,247си Грецияга келип түштү, кеминде 1232си деңизде чөгүп, каза тапты.

Евробиримдик - Түркия ортосунда жетишилген макулдашууга ылайык, жакында Грециядан Түркияны көздөй мыйзамсыз делген мигранттар депортациялана баштаган. НАТО да Эгей деңизине мыйзамсыз мигранттар агымын токтотуу үчүн кемелерин чыгарган. (UE)

XS
SM
MD
LG