Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:29

Азимжан Аскаров боюнча чакырыктарга ЕККУ да кошулду


БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин учурда абакта отурган кыргызстандык укук коргоочу Азимжан Аскаровду бошотууга үндөөсүнө бүгүн ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу да кошулду.

Аталган эл аралык мекеменин башчысы Майкл Георг Линк өз билдирүүсүндө БУУнун Адам укуктары комитетинин Аскаровдун даттануусу боюнча бүтүмүн кубаттап, “Кыргызстанда азыр адилетсиздикти оңдогудай мүмкүнчүлүк бар” деп белгилеген.

ЕККУ өкүлүнүн үндөөсү алдында, 21-апрелде БУУнун адам укуктары боюнча эксперттери, ага чейин 31-мартта БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаров абактан бошотулуп, аны айыптаган өкүм жокко чыгарылышы керек деген бүтүмүн жарыялаган эле. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы ал бүтүмдү иликтеп көрөрүн билдирген.

Азимжан Аскаров 2010-жылы июнь окуясында улут аралык кастыкты козуткан, массалык башаламандык уюштурган жана милициянын кызматкерин өлтүрүүгө катышкан деген айып тагылып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Ал өзү жана жактоочулары күнөөсүз экенин айтып келет. Учурда укук коргоочу Бишкектеги №47 абакта жазасын өтөөдө. (UE)

XS
SM
MD
LG