Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:23

Климат боюнча глобалдык келишимге кол коюлууда


АКШ Мамлекеттик катчысы Жон Керри келишимге кол коюу жөрөлгөсү алдында сүйлөөдө. 22-апрель, 2016-жыл.
АКШ Мамлекеттик катчысы Жон Керри келишимге кол коюу жөрөлгөсү алдында сүйлөөдө. 22-апрель, 2016-жыл.

Былтыр декабрда Париждеги саммитте жетишилген келишимге кол коюу жөрөлгөсү БУУнун баш кеңсесинде өтүп жатат. Ал жерге дүйнөнүн 175 өлкөсүнүн өкүлдөрү чогулду:

-Биз бул жерге келген өлкөлөрдүн саны боюнча рекорд жараттык. Бул- жакшы жаңылык. Бирок, сыртта дагы рекорд жаралууда. Глобалдык температура рекорд жаратты, муздун эриши рекорд жаратты, көмүр кычкыл газынын абадагы деңгээли рекорд жаратты, - деди БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун кол коюу жөрөлгөсү алдында.

Париждеги саммитте 200дөй өлкө тарабынан жактырылган келишимдин максаты - абанын глобалдык температурасындагы орточо өсүштү 2100-жылга карата индустриалдык доорго чейинки орто көрсөткүч деңгээлинен 2 Цельсий градустан ашырбоо.

Улуттар Уюму келишимге кол коюп жаткан өлкөлөрдүн көптүгүн климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштү глобалдык колдоо катары баалады. Бирок бир катар экологдор бүгүнкү окуяны эл аралык коомчулукту алагды кылуу аргасы катары сыпатташат.

Климат боюнча Париж келишими 30 күндүн ичинде 55 өлкө же абага бөлүнүп чыккан булганыч газдардын 55% үлүшү туура келген өлкөлөр ратификациялагандан кийин күчүнө кирет. (UE)

XS
SM
MD
LG