Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:28

Чоочун паспорт менен өлкөдөн чыгууга аракеттенгендер арбууда


"Манас" аба майданы.
"Манас" аба майданы.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча, 22-апрель күнү эле эки учур катталган. Кыргыз-казак чек арасындагы “Акжол” чек ара бекетинен чоочун паспорт менен Казакстанга чыгып кетүүгө аракеттенген жаран кармалган. Ошол эле күнү тууганынын паспорту менен Москвага учууга аракеттенип жаткан 43 жаштагы кыргызстандык жаран “Манас” аэропортунан токтотулду.

Кармалгандардын ишин териштирүү үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине өткөрүлүп берилген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG