Күчү 5,8 баллга жеткен силкинүү жергиликтүү убакыт боюнча 5:30 чамасында болду. АКШ геологиялык кызматынын маалыматы боюнча силкинүүнүн очогу Муисне шаарынан 26 чакырым аралыкта деңиз аймагында катталган.
Азырынча жер титирөөдөн жапа чеккендер жана кыйроолор тууралуу маалымат жок.
Эквадордун жээгиндеги улам жаңы жер титирөөлөр бир нече күндөн бери катталууда. 21-апрель күнү катталган силкинүүнүн күчү 6 баллды түзгөн.
17-апрель күнү 7.8 баллга жеткен силкинүүдөн 600дөн ашуун адам набыт болгон.