Экстремисттик Иcлам мамлекети тобунун маалыматы боюнча, жанкечтилер Дамаскинин чыгыш тарабында учакты атып түшүрүшкөн жана учкучту туткунга алышкан. Бирок бул маалымат расмий булактар аркылуу ырастала элек.
Мурдараак Сириядагы маалымат агенттиктердин бири кыйраган учактын видеотасмасын жарыялаган болчу. Ошондой эле сириялык укук коргоочулар учак кыйраганы тууралуу маалымдашты, бирок анын атып түшүрүлгөнү такталган эмес.
Жума күнү Сириянын өкмөттүк күчтөрү Алепподо абадан чабуул жасашкан. Маалыматтарга караганда, урушта 10 чакты адам набыт болгон.