Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:47

Air Bishkek аба каттамдарын токтотту


Айрым маалыматтарга караганда компаниянын учууларды токтотуусуна каржылык абалы себеп болгон. Буга өткөн жылы Орусия менен Кыргызстандагы экономикалык кризистин айынан кыйын кырдаалга кептелгенин компаниянын өкүлү АТО.ru сайтына кабарлаган. Анын айтуусунда, 2015-жылы доллардын көтөрүлүүсү менен баалардын түшүүсүнө карабай, аба ишканасы 200 миң жүргүнчү ташыган. Натыйжада бул ишкананын ишине терс таасирин тийгизген.

Бул маалыматтарды тактоо үчүн аба компаниясынын кеңсеси менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. “Манас” эл аралык аэропортунун сайтындагы маалыматтарга таянсак, Air Bishkek таандык каттамдар февраль айынан бери жүргүзүлө элек.

Air Bishkek компаниясы Бишкектен Москвага, Сургутка, Үрүмчүгө, ал эми Оштон Москвага жана Иркутскиге аба каттамдарын жүргүзүп турчу. Карамагында Airbus А320-200 үлгүсүндөгү эки жана Boeing 737-300 үлгүсүндөгү бир учагы бар болчу.(ZKo)

XS
SM
MD
LG