Жергиликтүү университеттин 58 жаштагы профессору Резаул Сиддикка жумушка баруу үчүн аялдамада автобус күтүп турган учурунда белгисиз бирөөлөр кол салышкан. Сиддик окуу жайда англис тилинен мугалим экени айтылууда. Полиция Франс-пресске билдиргени боюнча профессордун моюну кеминде үч жеринен кесилген.
Резаул Сиддик бир катар маданий иш-чараларды уюштуруп жүргөн жана музыкалык мектеп ачкан. Ал ошондой эле ыр, аңгеме жазып, жергиликтүү адабий журналдын редактору болчу.
Бул окуя боюнча Бангладештеги коомдук ишмерлерге кол салып жүргөн радикал-исламчылар шектелүүдө. Акыркы айларда Бангладеште атеисттик көз караштагы блогерлер көп өлтүрүлүүдө. Жакында эле Бангладештин борбору Даккада атеисттик көз караштагы Низамиддин Самад кескиленип өлтүрүлгөн. Анын өлүмүнө жоопкерчиликти "ал-Каиданын" жергиликтүү бөлүмү алган.