Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:19

Меркел жана Туск Түркиядагы качкындар лагерине келишти


Ангела Меркел жана Ахмет Давутоглу Түркиянын түштүгүндөгү качкындар лагерин кыдырууда. 23-апрель, 2016-жыл
Ангела Меркел жана Ахмет Давутоглу Түркиянын түштүгүндөгү качкындар лагерин кыдырууда. 23-апрель, 2016-жыл

Герман канцлери Ангела Меркел, Евробиримдиктин төрагасы Дональд Туск жана Еврокомиссиянын вице-президенти Франс Тиммерманс Түркиянын түштүгүндөгү качкындар лагерин кыдырып, мигранттардын балдары үчүн курулган атайын борбордун иши менен таанышты.

Газиантеп шаарындагы жолугушууда Түркиянын премьер-министри Ахмет Давутоглу эгер Брюссел түрк жарандары үчүн визадан баш тартпаса, Евробиримдик менен келишим толук кандуу иштебейт деп эскертти. Анын айтуусунда, Анкара өзүнө коюлган шарттардын баарын аткарды, эми Евробиримдик виза режимин жокко чыгаруу үчүн тиешелүү кадамдарды жасайт деп күтүп жаткан учуру.

Ошондой эле Ахмет Давутоглу “Түркия Сириялык качкындарды депортациялап жатат” деген Amnesty International уюмунун билдирүүсүн жокко чыгарды. Ал Евробиримдик менен Түркиянын ортосунда качкындар боюнча түзүлгөн келишим жемишин берип жатканын белгилеп, өткөн жылдын аягында Түркиядан Европага Эгей деңизи аркылуу күн сайын кеминде алты миң качкын кетип турган болсо, азыркы убакта бул көрсөткүч 150дөн ашпасын маалымдады.

Евробиримдиктин төрагасы Европага Түркиядан качкындар агымы азайганын тастыктады. Анын сөзү боюнча, “качкындарга мамиле жасоо жагынан Түркия башкаларга үлгү болууда”.

XS
SM
MD
LG