Социалдык фонддун коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн адиси Жеңиш Мукамбетовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, пенсияны көбөйтүү маселеси быйылкы жылдын мамлекеттик бюджетине киргизилген. Анын айтуусунда, кандай багытта жана шарттарда көбөйтүлөрү кошумча маалымдалат:
- Базалык бөлүгү көбөйбөйт. Анткени бул мамлекеттик бюджеттин эсебинен төлөнүп келе жатат. 2010-жылдан тарта пенсиянын базалык бөлүгү мамлекеттин кепилдигине алынган.
Мукамбетовдун айтуусунда, учурда 2010-жылдан тарта пенсиялык базалык бөлүгү акырындык менен мамлекеттик бюджетке өткөрүлүүдө. Ушул тапта пенсиянын базалык бөлүгү 95% республикалык бюджеттин эсебинен, калганы пенсиялык фонддун эсебинен төлөнүп келе жатат. Пенсияны көбөйтүү пенсиялык фонддун эсебинен жүргүзүлөт.
Учурда Кыргызстандагы пенсиянын орточо өлчөмү 4753 сом.(ZKo)