Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:23

Барак Обаманын Лондон сапары аяктады


Барак Обама менен Британиянын өкмөт башчысы Дэвид Камэрон
Барак Обама менен Британиянын өкмөт башчысы Дэвид Камэрон

АКШ президенти сапарын Батыш өлкөлөрүн экстремисттик “Ислам мамлекети" тобуна басымды күчөтүүгө чакыруу менен аяктады. 24-апрелде сүйлөгөн сөзүндө Обама ИМ тобу ээлеген аймак бара-бара кысылып, Ирактын Мосул, Сириянын Раккадагы чептери жок кылынат деп айтты. Ал ошондой эле АКШ, Британия баштаган батыш өлкөлөрү Сириядагы саясатты өзгөртүүгө аракеттенүүсү керектигин баса белгиледи.

ИМ тобун жок кылууну көздөгөн эл аралык коалициялык күчтөрдү АКШ жетектейт.

Обама 24-апрелде Германияга барат жана немис канцлери Ангела Меркел менен жолугушат. Барак Обаманын чет өлкөгө жасалган алты күндүк сапары Германияда соңуна чыгат.

XS
SM
MD
LG