АКШ президенти немис канцлери Ангела Меркел менен чогуу Ганновердеги өнөр жай жармаңке-көргөзмөсүнө катышат. Андан тышкары эки тарап Евробиримдик менен АКШнын ортосундагы эркин соода тууралуу келишим боюнча сүйлөшөрү күтүлүүдө. Ошондой эле Франция, Италия, Британиянын лидерлери менен бирге боло турган Германиядагы жолугушуусу АКШ-Евробиримдик эркин соода алмашуу келишимине арналмакчы.
Вашингтондогу жана Европадагы сүйлөшүүлөрдүн катышуучулары Транс-атлантикалык соода жана инвестициялык өнөктөштүк жөнүндөгү келишимдин маанилүү бөлүктөрүн жыл аягына чейин бүтүрүүгө аракеттенишүүдө.
Келишимдин жактоочулары ал импорттук тарифтердин төмөндөөсү менен сооданын өсүшүнө алып келерин айтышууда. Бирок Европадагы кесиптик кошуундар, улутчулдар жана жашылдар уюмдары келишим айлык акылардын азаюусуна, экологиянын алсыздануусуна алып келерин айтып, ага каршы үндөп жатышат.