Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:27

Европа жана Түркия мигранттар боюнча келишим иштей баштаганын билдирди


23-апрелде Түркияда биргелешип өткөрүлгөн маалымат жыйыны
23-апрелде Түркияда биргелешип өткөрүлгөн маалымат жыйыны

Германия канцлери Ангела Меркел жана Европа Биримдигинин төрагасы Дональд Туск Түркиядагы качкындар жайгашкан лагерлерди кыдырышты. Алар ошондой эле качкындардын жаңы лагеринин ачылышына катышты. Ага каражатты Европа бөлгөн. Дональд Тусктун айтымында, Евробиримдик Түркиядагы сириялык качкындардын абалын жакшыртууга жалпысы 1 млрд евро бөлөт.

23-апрелде Түркияда биргелешип өткөрүлгөн маалымат жыйынында Түркиянын өкмөт башчысы Ахмет Давудоглу Грекияга мигранттардын мыйзамсыз агымы кыскарганын айтты. Түрк өкмөт башчысы Европа 187 млн евролук долбоорду аткарууга киришкенин кошумчалады.

Укук коргоочулар Европа Биримдигинин лидерлеринин сапарын сынга алып, аларды Түркияга кирүүгө тыюу салынган Сириядагы качкындардын абалына көңүл бурууга үндөдү. (AiT)

XS
SM
MD
LG