Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:15

Түндүк Корея ракетасын сынады


Түндүк Корея
Түндүк Корея

Түндүк Корея суу астынан сүзүүчү кемесинен атыла турган ракетасын сынап, аны “улуу ийгилик” деп атады. Сыноонун жүрүшүнө Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын жетекчилик кылганы кабарланды. Түндүк Кореянын расмий маалымат каражаттарынын маалымдоосуна караганда, ракетаны сыноо 23-апрелде өткөрүлдү.

Түштүк Кореянын аскерий мекемеси ракета 30 чакырым учуп барып түшкөнүн кабарлап, анын мынчалык кыска аралыкка учуу себептерин иликтеп жатышканын билдирди. АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Жон Кирби баллистикалык ракетаны сыноо Бириккен Улуттар Уюмунун чечимдерине каршы келерин белгиледи. Франция Түндүк Кореяга каршы санкцияларды күчөтүүгө чакырды. (AiT)

XS
SM
MD
LG