Бүгүн Бишкекте Медициналык академияны аяктап жаткан бүтүрүүчүлөр менен облустук бийлик өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтөт. Окуу жайдын жетекчилиги мындай иш-чараны жаштарга окууну бүтүргөндөн кийин ишке орношуу маселесин чечүүгө көмөктөшүү максатында, кайсы облуста кандай адистер жетишпей жатканы тууралуу маалымат алуу үчүн уюштуруп келет.
Интернатураны жана клиникалык ординатуранын бүтүрүп жаткандар менен жолугушууга бүгүн бардык жети облустагы өкмөттүн өкүлдөрүнүн саламаттыкты сактоо жаатын тейлеген орун басарлары катышат.
Быйыл Медакадемияны 421 улан-кыз аяктоодо.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, учурда ар бир облуста 150дөй доктур жетишпейт. (RK)