Ош шаардык кеңешинин жаңы шайланып келген курамы бүгүн расмий түрдө ишин баштайт.
Депутаттарга күбөлүк жана төш белги тапшырылгандан кийин көпчүлүк коалиция түзүү, төрага шайлоо маселелери каралат.
Шаардык кеңешке шайлоо 27-мартта өткөн.
45 депутаттык орун үчүн 13 партия ат салышкан. Натыйжада 6 партия марага жеткен.
Алардын ичинен КСДП –16, «Кыргызстан» – 9, «Мекеним Кыргызстан» – 6, «Республика – Ата-Журт» – 5, «Бир Бол» – 5, «Өнүгүү-Прогресс» – 4 мандат алган.
Коалициялык көпчүлүктү түзүү үчүн 23 мандат талап кылынат. (YI)