Сербиянын премьер-министри Александр Вучич анын партиясы кезексиз парламенттик шайлоодо «тарыхый триумф» менен жеңип чыкканын жарыялады.
Ал учурда бийликте турган Прогрессивдүү партия мындан ары да Европа Биримдигине кошулуу курсун уланта берерин айтты:
- Сербия европалык жолун уланта берет. Биз аны тездеткенге аракет кылабыз жана кандайдыр бир компромисске барбайбыз. Ошону менен катар Орусия, Кытай жана АКШ менен мамилебизди коргоого аракеттенебиз.
Вучич парламенттик шайлоону эки жыл эрте өткөрүү себебин мамлекетти башкарууга таасирди күчөтүү үчүн ага көбүрөөк колдоо керек болуп жатканы менен түшүндүргөн.
Сербия парламентинде 250 орун бар. Вучичтин партиясына 131 мандат тиешелүү. Алдын ала маалыматка караганда, кечээ өткөн шайлоодо ал добуштардын жарымын алды. (RK)