Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:54

Гимнге жасаган мамилеси үчүн медресенин кыздары арасында түшүндүрүү жүргүзүлөт


Жалал-Абадда диний конференция учурунда мамлекеттик гимнге жасаган мамилеси үчүн "Айша-Садык” кыздар медресесинин тарбиялануучуларынын арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу жергиликтүү имам-хатиб, казыяттын өкүлдөрү айтууда.

Кечээ облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу ислам дининин баалуулуктары” аттуу конференция өткөн.

Анын ачылышында Кыргызстандын мамлекеттик гимни коюлган. Баары ордунан туруп, мамлекеттик символго таазим эткени менен алдыңкы катарда отурган, башына жоолук оронгон кыздар турбай койгон. Муну алар “Куранда, динде андай жазылган эмес” деп түшүндүргөн.

Бул окуя учурда интернеттеги социалдык түйүндөрдө кызуу талкууланып жатат.

Айрымдар кыздарды күнөөлөсө, кээ бирлер “медреседе Кыргызстанды, анын символдорун сыйла деп окутпаса, анан кыздарда эмне күнөө, кеп аларды окуткан аалымдарда, кандай сабак берип жатканын көзөмөлдөй албаган мамлекетте” деп жазууда.

Кыргызстанда, расмий маалымат боюнча, 500дөй мечит расмий каттоосуз иштөөдө. (RK)

XS
SM
MD
LG