Бүгүн Бишкекте “Тоо-кен тармагындагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр” деген темадагы талкуу өтөт. Ага Жогорку Кеңеш депутаттары, экономисттер, көз каранды эмес эксперттер жана тиешелүү мекеме жетекчилери катышат.
Жолугушууда өкмөттүн тоо-кен тармагын өнүктүрүү жаатындагы пландары, инвесторлор менен конструктивдүү диалог түзүү, жергиликтүү тургундар менен кызматташуу жана инвестолор туш болуп жаткан бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюу маселелери талкууланат.
Былтыр Кыргызстанда бул тармакты өнүктүрүүнүн 2035-жылга чейинки стратегиясы иштелип чыккан.
Баасы боюнча өлкөдө алтын запастары биринчи орунда турат. Алтын казуучу 8 ишкана бар.
Мындан тышкары сурма, сымап, көмүр өндүрүүчү комбинаттар бар. Бирок инвесторлордун жетишсиздигинен алардан түшкөн пайда жылдан жылга азаюуда. (RK)