Сириянын Алеппо шаарында кайрадан уруш тутанды. Өкмөттүк күчтөр менен жикчилердин ортосунда болгон соңку салгылашууда кеминде 26 адамдын өмүрү кыйылды.
Улуу Британияда жайгашкан Адам укуктары боюнча сириялык борбор (Syrian Observatory for Human Rights, SOHR) маалымдагандай, жикчилер көзөмөлдөгөн базардагы атышуудан 12 кишинин өмүрү кыйылды, арасында балдар да бар.
Ал эми Алеппонун өкмөттүк күчтөр көзөмөлдөгөн районунда 10 адам мерт кетти. (RK)