Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:34

"Элдик курултай" кыймылы Кубанычбек Кадыровду бошотууну талап кылууда


УКМК "Эгемен Кыргызстан" партиясынын лидери Бектур Асанов менен "Чындык" партиясынын жетекчиси Кубанычбек Кадыровду 24-мартта кармаган.
УКМК "Эгемен Кыргызстан" партиясынын лидери Бектур Асанов менен "Чындык" партиясынын жетекчиси Кубанычбек Кадыровду 24-мартта кармаган.

Бул тууралуу "Элдик курултай" кыймылынын төрагасы Байас Туралдын президент Алмазбек Атамбаевге жолдогон кайрылуусунда айтылат. Ошондой эле анда оппозиция өкүлдөрү Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановго байланыштуу кылмыш ишин мыйзам чегинде, калыс тергөө талабы коюлган.

“Өлкөдөгү саясий-экономикалык абалды, көйгөйлөрдү көтөрүп чыгып, чындыкты айтканы үчүн мамлекеттик бийликти басып алууга аракеттенди деген шылтоо менен Кубанычбек Кадыровдун кармалганын саясий куугунтук катары баалайбыз. Кадыров Азиз Батукаевден өткөн коркунучтуу кылмышкер болбогон соң, анын баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, камактан чыгарылууга тийиш. Ар бир өнүккөн мамлекетте оппозиция болушу шарт, мыйзамдуу”, - деп жазылган кайрылууда.

УКМК "Эгемен Кыргызстан" партиясынын лидери Бектур Асанов менен "Чындык" партиясынын жетекчиси Кубанычбек Кадыровду 24-мартта кармаган. Кийинчерээк Бишкектин Биринчи май райондук соту аларды 12-майга чейин камакка алган. Буга интернетте Кадыров, Асанов катышкан оппозициячыл маанайдагы айрым саясатчылардын Ошто өтчү жыйыны, бийликти күч менен алмаштыруу тууралуу сүйлөшүүлөрү деген тымызын жаздырылып алынган эки аудио тасманын тарап кеткени жүйө келтирилген болчу.

Кармалгандар бийликти күч менен басып алууга камынып жатат деген дооматтарды четке кагып, муну каралоо деп атап келишет. (NT)

XS
SM
MD
LG