Ош облусундагы кыргыз-кытай “Эркештам” чек ара бекетинин жанындагы көмүр базаларынын биринде 24-апрелде мыйзамсыз иштеп жүргөн үч кытай жараны кармалды.
Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлагандай, текшерүү учурунда алардан ким экендигин тастыктаган документтер табылган эмес. Кармалгандар милицияга өткөрүлүп берилди.
Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанга келген чет элдик мигранттардын 80 пайызын кытайлыктар түзөт. Буга чейин жарандык активисттер кытай жарандарынын саны бөлүнгөн квотадан алда канча жогору экенине нааразылык билдиришкен. (NT)