Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:50

Кыргыз-кытай бизнес форуму өттү


Кыргыз-кытай желектери
Кыргыз-кытай желектери

Кытайдын Гуанчжоу провинциясындагы Фошань шаарында 19-апрелде өткөн бизнес-форумда айыл чарба, туризм, тигүү, курулуш тармактарында өз ара кызматташтык тууралуу макулдашуулар түзүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Гуанчжоудогу башкы консулдугу билдирди. Форумга Кыргызстан менен Фошань шаарынын 80ден ашык ишкерлери катышты. Аны Гуанчжоудогу башкы консулдук, Кыргызстандын Экономика министрлиги, Соода-өнөр жай палатасы, Жаш ишкерлер ассоциациясы жана Кытайдын Фошань шаардык эл аралык сооданы өнүктүрүү кеңеши биргеликте уюштурду. (NT)

XS
SM
MD
LG