Пакистан талиптерди сүйлөшүү үстөлүнө отургузуу аракетине эмес, аларга каршы күрөшкө артыкчылык берүүгө тийиш. Бул тууралуу бүгүн парламентте сүйлөгөн сөзүндө Ооганстан президенти Ашраф Гани билдирди.
Бир жума мурун талип согушкерлеринин Кабулдагы кол салуусунан 64 киши каза болуп, 430 киши жарат алган эле. Ганинин айтуусунда, Кабул Исламабаддын Талибанды тынчтык сүйлөшүүлөргө тартышынан үмүт үзгөн. Пакистан өкмөтү анын ордуна өз аймагында баш пааналаган согушкерлердин лидерлерине каршы операция жүргүзүшү керек, - деди ооган президенти. Расмий Кабул Исламабад Ооганстан менен чек ара аймагында жайгашкан согушкерлерди көз жаздымда калтырып келатканына көптөн бери нааразы.
Ооганстан, Пакистан, Кытай жана АКШ акыркы айларда Кабул менен Талибандын тынчтык диалогун жандандырууга аракеттенип, бирок андан азырынча майнап чыга элек.