Молдованын борбор шаарында 24-апрелде миңдеген киши өкмөттүн кызматтан кетишин жана мөөнөтсүз парламенттик шайлоо өткөрүүнү талап кылып көчөгө чыгышты. Кишиневдогу өкмөт имаратын полиция курчоого алып турду. Европачыл "Ар-Намыс жана адилет" партиясы уюштурган акциянын катышуучулары бизнес чөйрөсү өлкөдөгү саясатка чоң таасир көрсөтүп жатканына нааразылыгын билдиришти.
Молдовадагы саясий кризис былтыр банк секторундагы ири коррупциялык жаңжалдын бети ачылгандан кийин тутанган. Өткөн айда парламент 30-октябрда президенттик шайлоо болорун жарыялаган. 2001-жылдан бери биринчи жолу мамлект башчы түздөн-түз эл тарабынан шайланмакчы.