Австриядагы президенттик шайлоонун биринчи айлампасын ашынган оңчулдардын өкүлү жеңди. Мигранттарга каршы туруму менен белгилүү "Эркиндик партиясынын" атынан чыккан Норберт Хофер кечээки шайлоодо добуштардын 36 % алды.
Экинчи айлампада анын атаандашы "Жашылдар партиясы" колдогон талапкер Александр ван дер Беллен болмокчу.
1945-жылдан бери бийликте кеаткан Социал-демократтар менен консервативдүү "Элдик партиянын" өкүлдөрү бул ирет женилүү ызасын тартышууда. Президенттик шайлоонун экинчи туру 22-майда өтөт.