Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:32

Иранда чет өлкөдөн энесин көрүүгө келген француз жараны камалды


Назак Афшар (арттан оң жакта).
Назак Афшар (арттан оң жакта).

Иранда француз элчилигинин мурдагы кызматкери Назак Афшар 6 жылга кесилди. 2009-жылы тыңчылык үчүн айыпталган Афшар айым өлкөдөн чыгып кетип, ушул мартта төшөктө жаткан энесин көрүүгө барган жеринен Тегерандагы аэропортто кармалган. Бул тууралуу ирандык оппозициянын Калеме интернет сайты кабарлайт.

Франция жарандыгын алган 58 жаштагы Афшар айыбы угузулгандан кийин Эвин түрмөсүнөн күрөөгө бошотулду. Ирандын юстиция министрлиги бул окуяга түшүндүрмө берип же Афшарга кандай айып тагылганын ырастаган жок. Буга чейин кош жарандыгы бар же чет өлкөлөрдө иштеген ирандыктар мекенине келгенден кийин кармалган учурлар көп болгон.

24-апрелде Юстиция министрлигинин маалымат катчысы жакында кош жарандыгы бар эки киши чет өлкөлөр менен байланыштары үчүн соттолгонун билдирди.

XS
SM
MD
LG