Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетинин чечимине байланыштуу Азимжан Аскаров арыз менен кайрылса, Жогорку Сот жаңы жагдайларды териштирип көрөт. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандын Баш мыйзамы боюнча ар бир жаран эл аралык уюмдарга кайрылуу укугуна ээ. Эгерде эл аралык уюмдарда анын укуктары менен эркиндиги бузулду деп табылса, Кыргызстан аны кайра карап чыгуусу керек.
Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетинин эксперттери 20-апрелде Азимжан Аскаровду абактан бошотуп, аны айыптаган өкүмдү жокко чыгарууга, зарыл болсо жаңы соттук жараян жүргүзүүгө Кыргызстанды чакырган.
Аскаров 2010-жылы июнь окуясында улуттук кастыкты козуткан, массалык башаламандык уюштурган жана милиция кызматкерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан деген айып менен өмүр бою эркинен ажыратылган. (NT)