Сербиядагы парламенттик шайлоодо башкаруудагы европачыл партиялар жеңгенин Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий санактары бышыктады. Ошол эле маалда орусиячыл улутчулдардын да 2012-жылдан бери парламентке кайтаары анык болду. Добуштардын 96% саналап бүткөн маалга түшкөн маалыматтарга караганда, премьер-министр Александр Вучичтин Прогрессивдүү партиясы 48% добуш камсыздады. Анын коалиция боюнча өнөктөшү добуштардын 11% алган. Оңчулдардын эки партиясы болсо алардан кыйла артта калганы менен 250 орундуу парламентке өтүү үчүн жетиштүү добуш топтошту. Ал эми батышчыл оппозициялык 3 партия 5% чекти аша алган жок.