Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:12

Аба ырайы: жаан жаайт


26-апрелде өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Тоолуу жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25;

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз +13…+18;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +19…+24;

Баткен облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +18…+23;

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +4…+9, күндүз +13…+18;

Нарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…-8, күндүз +1…+6.

Бишкекте 26-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10, күндүз 22…24 градуска чейин жогорулайт.

XS
SM
MD
LG