Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:10

Молдакунов: Түркияда кармалган кыздар сексуалдык кулчулукка кабылган эмес


Түркияда кармалган кыздар сексуалдык кулчулукка кабылган эмес. Бул тууралуу Кыргызстандын Стамбулдагы консулу Руслан Молдакунов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Бодрум шаарында сексуалдык кулчулукта жүргөн делген он бир кыргызстандык кыз полициянын атайын текшерүүсү маалында кармалган. Кыздардын баары өз каалоосу боюнча cойкулук менен алектенген деген маалымат бар. Азыр аны тактоо үчүн Башкы консулдук Бодрум шаарындагы Мугла аймактык полициясына кат жолдоду. Так маалыматтар полициянын жообунан кийин белгилүү болот.

Молдакуновдун айтуусунда, Түркияда өз каалоосу менен сексуалдык кызмат көрсөткөн кыздар көп. Алар мыйзамсыз иштегендиктен, так саны канча экени белгисиз. Ошол эле маалда алданып, кулчулукка кабылып калгандары да жок эмес. Мартта кулчулуктан эки адам куткарылып, мекенине кайтарылган.

24-апрелде Түркиянын Haberler гезити Бодрум шаарында укук коргоо органдары он үч кызды сексуалдык кулчулуктан куткарганын, анын он бири кыргызстандык экенин кабарлаган эле.(NT)

XS
SM
MD
LG