Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:41

Пакистанда 23 киши ууланып өлдү


Пакистанда 23 киши таттууга ууланып көз жумду, ондогону ооруканага жеткирилди. Расмий маалыматка караганда, окуя өткөн аптада Панжаб чөлкөмүнүн тургуну Умар Хаят неберелүү болгонун белгилеп, салттуу татуу токочторду жасатып, жакындарына тараткандан кийин болгон. 10 киши ошол эле күнү көз жумган.

25-апрелде ооруканадагы дагы 13 киши өлдү, дагы 52 киши дарыланууда. Көз жумгандардын арасында ымыркайдын атасы жана анын жети бир тууганы бар. Полиция кондитердик ишкананын эки ээсин жана бир кызматкерин камакка алды. Бир версия боюнча азыкка пестицид аттуу уулуу зат кошулуп кеткен.

XS
SM
MD
LG