Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:36

Ошто диний абал талкууланууда


Бул күндөрү Ош шаарында жана Ош облусунун Араван районунда диний абалды талкуулаган жыйындар өтүүдө. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Ички иштер министрлиги, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана улут аралык мамилелер агенттигинин өкүлдөрү менен бирге дин жаатында жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясат тууралуу жарандарга кеңири маалымат берүүдө.

Мамлекеттик башкаруу, саламаттыкты сактоо, билим берүү мекемелери, диний жана жаштар уюмдарынын өкүлдөрү катышкан жыйындарда диний саясат боюнча 2014-2020-жылдарга эсептелген концепциянын аткарылышы талкууланып, диний уюмдардын ишин жөнгө салган мыйзамдар, экстремизмге жана терроризмге каршы күрөш тууралуу сөз болууда.

Соңку маалыматка караганда, Сириядагы согушка кеткен кыргызстандыктардын саны 500дөн ашты. (RK)

XS
SM
MD
LG