Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:58

Обама Европаны биримдикке чакырды


АКШ президенти Барак Обама Европаны биримдикке чакырды. Кечээ Германиянын Ганновер шаарында өткөн эл аралык өнөр жай жарманкесинде сүйлөп жатып ал дүйнөгө күчтүү жана бирдиктүү Европа керек экенин белгиледи:

- Кошмо Штаттар жана бүт дүйнө гүлдөп өскөн, демократиялуу жана бирдиктүү Европага муктаж. Силердин жетишкендигиңер – бул 24 тилде сүйлөгөн 28 мамлекеттеги 500 миллион калкыңар. Европа биримдиги эң чоң саясий жана экономикалык жетишкендик.

Ошону менен катар Обама НАТОго мүчө өлкөлөрдү бул альянсты бекемдөөгө салым кошууга үндөдү. Ал быйыл июль айында Варшавада өтө турган саммитте уюмдун ар бир мүчөсү коопсуздук үчүн жоопкерчиликти алууга милдеттүү экенин айтарын кошумчалады.

АКШ президенти ошондой эле Украинанын чыгышындагы кырдаалга токтолуп Москва Минск келишиминин талаптарын аткармайынча Орусияга карата киргизилген санкциялар алынбашы керек деген пикирин айтты. (RK)

XS
SM
MD
LG