Кыргызстанда быйыл жазгы талаа иштерине карата ирригациялык системаны даярдоого өкмөт бөлгөн 115 миллион сомдун 110 миллиону пайдаланылды. Бул тууралуу кечээ өкмөттүн жыйынында айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев билдирди.
Анын айтымында, учурда суу ресурстарын туура пайдалануу, сугат суунун ысырап болушун алдын алуу багытында бир катар чаралар көрүлүүдө.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жазгы талаа иштерине даярдыкты атайын комиссия текшерерин билдирди.
Кыргызстанда айдоо аянттарынын 64% ирригацияга муктаж. Союз убагында бул системанын иши мыкты уюштурулчу. Ал эми азыр жер жеке менчикке өткөндөн бери бир тартиптин жоктугунан дыйкандар үчүн айдаган өсүмдүктөрүн сугарууда бир топ кыйынчылыктар жаралууда. (RK)