Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:46

Бишкекте кыргыз-түркмөн кызматташтыгы талкууланат


Бүгүн Бишкекте Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы кызматташтык маселелери талкууланат. Экономика министрлигинен кабарлашкандай, кыргыз-түркмөн соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык байланыштар боюнча өкмөт аралык комиссиянын кезектеги, экинчи жыйыны өткөнү жатат.

Комиссиянын кыргыз тарабын экономика министри Арзыбек Кожошев, ал эми түркмөн жакты Өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун төрагасы Александр Дадаев жетектейт.

Эртең, 27-апрелде Бишкекте “Рысгал” деп аталган алгачкы кыргыз-түркмөн соода борборунун ачылышы болот.

Былтыр августта Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Бишкекке расмий сапар менен келип, жыйынтыгында соода-экономика, маданият, спорт, айыл чарба, илимий техника тармактарында кызматташтыкты күчөтүү тууралуу 15 документ кабыл алынган.

Эки өлкө ортосунда товар жүгүртүүнүн көлөмү 2014-жылы 9,8 миллион доллар болгон.

Түркмөнстан менен дипломатиялык алака 1992-жылы түзүлгөн. Президент Алмазбек Атамбаев соңку жолу Ашхабадга расмий сапар менен 2014-жылы ноябрында барган. (RK)

XS
SM
MD
LG