Украинанын Чернобыль шаарындагы жарандык эң ири ядролук апааттын 30 жылдыгына арналган иш-чаралар башталды. Анда ядролук апаатты жоюуга катышкандарга сый көрсөтүү, эстеликтерге гүл коюу, тематикалык кечелер жана фото көргөзмөлөр уюштуруу каралган.
Мындан 30 жыл мурун биринчи жарылуу болгон саатта сирена жаңырып, Украина, Орусия, Беларус жана Чыгыш Европаны радиоактивдүү булут каптаганы эскерилет. Негизги эскерүү иш- чарасы Чернобылга жакын Славутич шаарында өтөт. Ага Украина президенти Петро Порошенко катышат.
Чернобылдын айланасында радиациянын деңгээли азыр деле жогору. Жарылган ядролук реакторду толугу менен туңгуюктап, каптап жабуу 2010-жылы башталган. Ал жерде 200 тонна уран бар деп эсептелет. Кокусунан дагы кырсык болсо радиоактивдүү материалдар кайрадан чыгып кетүү коркунучу бар. (AiT)