Иш-чара 28-апрелде Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт. Аны «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду быйылкы “Тарых жана маданият” жылына карата уюштурууда.
Кыялбек Урмамбетов жүздөн ашык обондуу ырлардын автору. Ал белгилүү акын Совет Урмамбетовдун уулу. Кечеде акындын ырларын автор жана шакирттери окуп беришет, обондуу ырлары аткаруучулар тарабынан аткарылат.
“Роза Отунбаеванын демилгелери” фонду Жазуучулар союзу жана Улуттук филармония менен биргеликте Кыргызстандагы эл-журтка кеңири белгилүү акын-жазуучулардын жана жаштардын чыгармачылык кечелерин уюштуруп берүүдө. (NT)