Аталган фракциянын депутаттары спикерликке дагы бир талапкер көрсөтүлүшү керектигин ырасташууда. Бул тууралуу фракциянын басма сөз катчысы Наргиза Мансурова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, кечээ бул маселе фракцияда талкууланып, депутаттар альтернативдүү талапкерди чыгарууну сунуштаган. Азырынча кимдин талапкерлигин колдоо боюнча фракция бир чечимге келе элек.
20-апрелде спикерликке талапкерлер "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаев менен "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын жетекчиси Бакыт Төрөбаев 51 добуштан алып, шайлоо натыйжасыз аяктаган. Парламенттеги көпчүлүк фракциялар социал-демократтардын жетекчиси Чыныбай Турсунбековду спикерликке көрсөтүшкөн.
Аны КСДП, «Ата Мекен», «Республика – Ата Журт» жана Кыргызстан фракциялары кубаттады. “Өнүгүү - Прогресс” альтернативдүү талапкер болушу керектигин ырастаса, “Бир Бол” фракциясы ачык позициясын билдире элек. (NT)