Өзбек президенти Ислам Каримов 25-апрелде Москвага эки күндүк сапар менен келди. Орус президенти маалымат катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, эки президент 25-апрелде бейформал жолугушуу өткөрдү. Президенттер Владимир Путин менен Ислам Каримовдун негизги сүйлөшүүлөрү бүгүн болмокчу.
Ислам Каримов 1991-жылдан бери бийликте. Ал Өзбекстанды “темир” колдо кармап, башкача пикир айткандарга эч жол бербейт. АКШнын Мамлекеттик департаменти жакында эле Өзбекстандын коопсуздук кызматтарын “кармалгандарды кыйноого алат жана катаал мамиле жасайт” деп сынга алган. Amnesty International укук коргоо уюму Орусия өзбек жарандарын Өзбекстанга мажбурлап кайтаруу менен алардын кыйноого алынышына көмөк көрсөтүүдө деп айыптаган. (AiT)