Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:29

Ооздогу айрым микробдор уйку бездин рагын пайда кылышы ыктымал


Нью-Йорктогу Лэнган медициналык борборунун илимпоздору ооздогу перидонтит сыяктуу оорунун микробдору уйку бездин рагын чакырарын аныкташты.

Бул тууралуу АКШнын ракты изилдөө борбору да расмий маалымат берди. Илимий тажрыйбага 361 адам 10 жыл бою катышып, алардын ичинен перидонтит дарты менен ооругандар кийин бара-бара уйку бездин залалдуу шишигине чалдыкканы аныкталды, деп жазат WebMD басылмасы.

Жылына Америкада 46 миң кишиде уйку бездин рагы катталат. Ооз көңдөйүндөгү бактериялык жугуштуу дарттардын микробдору да адам организминдеги башка органдарда да залалдуу шишикти жаратышы ыктымал экенин окумуштуулар ырасташууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG