Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:35

Нарын: Каналга түшүп кеткен кызды 11-класстын окуучусу куткарды


Нарында тереңдиги 2 метр келген каналга түшүп кеткен 6 жаштагы Нурай Кыдырмышованы 11-класстын окуучусу Айжан Үсөнбаева куткарып калды. Көпчүлүктүн назарын буруп, тобокелчиликке барган куткаруучу кызга бүгүн Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги ыраазычылык кат жана белек тапшырды.

Окуя 22-апрель күнү түшкө маал болгон. Мектептен тарап, үйүнө кетип бара жаткан Айжан каналдын боюнда кичине балдар топтошуп алып сууну карап чырылдап жатышканын көргөн. Жакын барып, каналга түшүп кеткен кичине кызды көрүп, жардамга киши чакырып, куткарып калган. Ал эми сууга түшүп кеткен 6 жаштагы Нурай 3 сааттай эсин жоготуп, 3 күн кайра жандандыруу бөлүмүндө жатты. Учурда Нурайдын абалы жакшы.

Узундугу 20 чакырымдан ашкан бул канал Нарын шаарын аралап агып өтөт. Анын жээги тосулбагандыктан кичине балдар каналга жакын ойношуп, түшүп кеткен учурлар көп катталат. Мындан 10 күн мурун ушул эле каналга 5 жаштагы бала түшүп кетип, набыт болгон. (MiK)

XS
SM
MD
LG