Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:28

Жалал-Абад: Чернобыл ардагерлерине берилүүчү жөлөк пул көбөйөт


Бул тууралуу Жалал-Абад шарынын вице-мэри Таирбек Чойбеков бүгүн Чернобыл апаатын эскерүү иш-чарасы учурунда билдирди. Анын айтымында, кырсыкты жоюуга катышкандарга шаар бюджетинен ай сайын берилүүчү акчалай жардам эки эсе көтөрүлөт. Учурда 500 сом берилсе, экинчи жарым жылдан тартып ал сумма 1000 сомго жогорулайт. Ошондой эле көзү өткөндөрдүн үй-бүлөлөрүнө да бир жолку 5 миң сом жөлөк пул берилет.

Жалал-Абад шаарынын жашоочуларынын арасынан Чернобыл кырсыгын жоюуга 300дөн ашык адам катышкан. Азыр анын 25и гана калды. Аларга бүгүн Ардак грамоталары, Алкыш баракчалары тапшырылды.

Дүйнөнүн атом энергетика тарыхындагы эң ири кырсык саналган Украинадагы Чернобыл апаатына бүгүн 30 жыл толду. (RsK)

XS
SM
MD
LG