Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:01

Серб жараны Ливияда барымтага алынды


Триполи шаары, Ливия
Триполи шаары, Ливия

Сербиянын тышкы иштер министрлиги өлкө жараны Ливияда өткөн жуманын соңунда барымтага алынганын 26-апрелде тастыктады. Бул мындан эки ай мурун Сербиянын Ливиядагы элчилигинде иштеген эки адамдын барымтага алынып, өлтүрүлгөндөн кийин болуп жатат. Тышкы иштер министри барымтага алынган жарандын ким экендигин айткан эмес. Бирок Белграддын “Вечерние Новости” гезити барымтага 36 жаштагы Мирослав Томич алынганын, ал Германиянын Ферростал компаниясынын кызматкери экенин маалымдады. Германиянын компаниясы Ливияга мунай түтүктөрүн сатуу жана аларды тейлөө багытында иштейт. Серб жараны Триполи шаарынын түштүгүндө Мессина мунай чыккан жерлеринде кылмыштуу топтор тарабынан барымтага алынганы айтылууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG